Илхам Алиев Казакстанга ыраазычылыгын билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Казакстандын президентине, ошондой эле бардык кызматтарга, куткаруучуларга жана дарыгерлерге жеке ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Алиев ошондой эле тилектештигин көрсөткөн Казакстандын карапайым жарандарынын колдоосун белгиледи. Муну ал бир тууган элдердин ортосундагы тыгыз байланыштын дагы бир ырастоосу деп атады. Ошондой эле ал бул колдоону азербайжандыктар жогору баалай турганын кошумчалаган.

Касым-Жомарт Токаев атайын мамлекеттик иликтөө комиссиясынын ишинин жүрүшү тууралуу маалымат менен бөлүшүп, казак тарап авиакырсыктын бардык жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү тактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Тараптар тергөө учурунда тыгыз байланышта болууну макулдашты.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан