Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөдө 81-орунда турат

"Ookla Speedtest" компаниясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда интернеттин ылдамдыгы секундасына 8,45 мегабит. Мындай көрсөткүч менен Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 81-орунду, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде 3-орунда турат. Дүйнө жүзү боюнча 1-орунду Гонгконг (68,99 мегабит), ал эми Борбордук Азияда Казакстан (13,93) ээлеп турат. 

Эске салсак, 2010-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку ылдамдыктагы интернетке ээ болгон Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 52-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан