Бүгүн, 29-декабрда Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортундагы учак кырсыгына байланыштуу Jeju Air компаниясынын башкы директору Ким Е Бэ элден кечирим сурады. Бул тууралуу Ренхап агенттиги жазды.
Ал жакындарын жоготкон үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө каржылык жана башка бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө убада берди.
"Себеби кандай болбосун, мен башкы директор катары толук жоопкерчиликти алам", -деди Ким.
Ал кийинчерээк кырсыктан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнөн кечирим суроо үчүн Муан аэропортуна барган, бирок алардын агрессивдүү реакциясына кабылган. Ким саат 20:00дө, кырсыктан 11 сааттан кийин гана келген.
Белгилей кетсек, Муан эл аралык аэропортунда кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен 179 киши набыт болуп, экөө куткарылды.