Акыркы сутка ичинде Бишкек шаардык «Тез жардам» кызматына 528 чакыруу келип түшкөн. Алардын 381и аткарылган. Бул туурасында аталган мекемеден бүгүн, 8-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, 94 адам ооруканага жаткырылып, 147 адам аймактык ооруканаларга жеткирилген.
Ошондой эле бир сутка ичинде 3 биологиялык өлүм катталган.