Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: Өлкөдө жети күндүк аза күтүү жарыяланды

Түштүк Кореяда Муан эл аралык аэропортундагы Boeing 737-800 учагынын кырсыкка учурашына байланыштуу жети күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, 29-декабрда Боинг 737-800 учагы Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортунда конуп жатканда кырсыкка кабылган.

Учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары. Учактын ичиндегилердин 82си эркек, 93ү аял, 3 жаштан 78 жашка чейинкилер болгон. Көпчүлүгү 40-60 жаштагылар болгону айтылат.

"Өкмөт бүгүнкү күндөн тарта 4-январды кошкондо жети күнгө созулган улуттук аза күтүү жарыялайт", - деген президенттин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мок.

Ошондой эле ал атайын органдар учак кырсыгынын себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жакын арада аныктай турганын убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан