Бүгүн, 29-декабрда Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортунда кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен 177 киши каза болуп, дагы экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ренхап агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, экипаждын эки мүчөсү гана аман калгандыктан, алар кырсыктан көп өтпөй куткарылып, Мокиходогу өзүнчө ооруканаларда дарыланып, азыр Сеулга жеткирилди. Алардын алган жаракаттары өмүрүнө коркунуч туудурган эмес. Буга чейин эки аял тирүү калганы, алардын бири жүргүнчү, экинчиси экипаждын мүчөсү экени маалымдалган.
Президенттин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мок дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону тапшырды. Ошондой эле каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аларга мамлекет тарабынан колдон келген жардамды көрсөтүүгө убада берди.
Бангкоктон түнкү саат 1:30да учуп кеткен Боинг 737-800 учагында 181 киши болгон. Ал Муанга таңкы саат 8:30 чамасында келмек. Учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары. Учактын ичиндегилердин 82си эркек, 93ү аял, 3 жаштан 78 жашка чейинкилер болгон. Көпчүлүгү 40-60 жаштагылар болгону айтылат.
Jeju Air учагы Муан эл аралык аэропортуна конуп жатканда конуу тилкесинен чыгып кеткен. Учак конуп жатканда шассиси орнотулбай эле жерде тайгаланып, бетон дубалга урунганда жарылып, күйүп кеткен.
Бул өлкөнүн тарыхындагы ири авиакырсыктардын бири болуп калды. 1997-жылы 225 адамдын өмүрүн алган Гуамдагы Корей Эйр учагынын кыйроосунан берки жергиликтүү авиакомпаниянын катышуусундагы эң ири кырсык болду.
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты.