Кыргызстан мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу Globe Spots интернет-порталы жазып чыкты.
Эксперттердин ою боюнча, өлкөнүн мындай тепкичке көтөрүлүшүнө анын 44 мамлекетте визасыз тартипти орноткондугу себеп болгон.
Маалыматка таянсак, 2013-жылы Кыргызстанга 3 миллион 89 миң
турист келген. Митинг, пикеттерге
карабастан туристтер Ысык-Көлгө, Ала-Арча капчыгайына эс алганы көп келишет.
Globe Spots интернет-порталынын рейтингинде 1-орунда Португалия, 2-орунда Мозамбик, 3-орунда Кыргызстан, андан кийинки орундарды Панама,
Армения, Куба, Украина, Малави, Канада ээлеген. Таң калычтуусу, орусиялык
жана кыргызстандык туристтер баалаган Түркиянын алдынкы 10 мыкты туристтик өлкөлөрдүн
рейтингине кирбей калышы.