"Колум сынды.." Учак кырсыгынан аман калган экинчи кыргызстандык абалы тууралуу айтып берди (видео)

Казакстандын Актау шаарында катталган учак кырсыгында жабыркаган кыргыз жаранынан казакстандык журналисттер кыска маек алууга жетишкен.

Анда учак кырсыгынан аман калган Тилек Осмонов учак кулагандан кийинки алгачкы мүнөттөрдө эмне болгонун айтып берген.

"Мен учак учуп баратканда уктап кетипмин, самолёттогу ызы-чуудан ойгондум. Учак кырсыктай турганын түшүнүп эле турдум. Учак кулап түшкөндөн кийин биринчи досум экөөбүз эсибизге келдик. Андан кийин инибизди таптык. Ал жерде куткаруучулар жүрдү, алар бизге жардам берип, ооруканага алып келишти", - деген ал.

Ал эми Тилек Осмоновдун досу Эрлан Жунушалиев дагы кыска маек берип, абалы жакшы экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар дарыгерлердин жеке көзөмөлүндө бүгүн, 30-декабрда Бишкекке алып келинди.

Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулаган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Учак кырсыгынан аман калган экинчи кыргызстандык абалы тууралуу айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан