Абдулатиф Жумабаев: “Экс-муфтий Эгембердиев таза болсо, нике күбөлүгүн көрсөтсүн”

“Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевдин мени айыптоосу далилсиз”,- деп билдирди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев. Айтымында, Эгембердиевдин дайыма бирөөлөрдү далилсиз күнөөлөй бериши көнүмүш адат.

“Мындай нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок. Былтыр бир катар аткаминерлер кысым көрсөтүп жатканын айтып чыгып, кайра кечирим сураган. Эгер ал таптаза болсо, мени "интернетке порнотасма таратты" деп айыптагандан көрө нике күбөлүгүн көрсөтсүн”,- дейт Жумабаев. 

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында youtube дүйнөлүк видеопорталына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Анда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен энеден туума жылаңач "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган эле. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин танбай турганын айткан. Макала менен бул жактан толук таанышсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан