Бүгүн, 2-январда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу “Маариф” түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындай билдирүүнү билим берүү мекемеси социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.
Маалыматта мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик фондго тиешелүү экендигин эскерткен.
"Маариф" фонду (Türkiye Maarif Vakfı) – 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган.
2016-жылдын июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгон. Түрк бийлиги бул ишке ошол кезде АКШда бозгунда жүргөн диний ишмер Фетхуллах Гүленди айыптап, анын "Хизмет" кыймылын "Фетхуллахчы террор уюму" (ФЕТӨ) деп жарыялаган.
Аталган окуядан кийин Түркия "Себат" окуу жайлары Гүленге тиешелүү деп, Кыргызстандан аларды жабууну талап кылган. Бирок расмий Бишкек андан баш тартып, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.
Ошол эле учурда Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери 2017-жылы кыргыз бийлигинин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын негиздөөчүлөрүнүн катарына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирген. “Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, Ала-Тоо университети, 12 башталгыч мектеби жана 2 эл аралык мектеби бар.
Түркия андан кийин да Кыргызстанга бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды аларга өткөрүү боюнча бир нече ирет кайрылуу жасаган.
2021-жылы "Сапат" билим берүү мекемелеринин мурдагы президенти Орхан Инанды Бишкекте уурдалып, кийин Түркиядан табылган. Түркиянын соту аны 21 жылга абакка кескен.
“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхуллах Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүп берилгени белгиленет.
25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диний аалым, өз мекенинде 2016-жылы "мамлекеттик төңкөрүш аракетин уюштурган" деп айыпталган Фетхуллах Гүлен 2024-жылы октябрда 83 жашында көз жумган.