Бүгүн, 8-январда "Замандаш-Современник" партиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматчысы Константин Конкин SUPER.KG порталына билдирди.
“Партиянын отуруму саат 12де башталат. Иш-чаранын негизги максаты – бул Бишкек шаардык мэрлигине талапкерди аныктоо”,- деп кошумчалады Конкин.
Эскерте кетсек, учурда Бишкектин мэрлигине бир эле талапкер белгилүү. КСДП партиясы Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин сунуштады.