Гренландиянын тургундары АКШга кошулуудан пайда көрүшөт. Мындай пикирин дүйшөмбү күнү Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп билдирди.
"Гренландия укмуштуудай жер. Эгер ал биздин өлкөнүн бир бөлүгү болуп калса, анын эли абдан чоң пайда көрөт. Биз аны жаман тышкы дүйнөдөн коргойбуз", - деп жазган ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.
Ошондой эле Трамп өзүнүн уулу аралга барарын кошумчалаган.
Өткөн жылдын аягында Трамп Даниянын курамына кирген арал Америка Кошмо Штаттарынын менчигине өтүшү керек деген пикирин билдирген. Көп өтпөй Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде Трампка жооп кылып, арал эч качан сатылбастыгын айткан болчу.