Дональд Трамп Гренландия аралы АКШга өтүшү керектигин айтты

Даниянын курамына кирген Гренландия аралы Америка Кошмо Штаттарынын менчигине өтүшү керек. Бул тууралуу АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

"Америка Кошмо Штаттары Гренландияга ээлик кылуу жана көзөмөлдөө абсолюттук зарылчылык деп эсептейт", - деп жазды ал.

Трамп бул “дүйнөдөгү улуттук коопсуздук жана эркиндик үчүн” зарыл экенин баса белгиледи.

2019-жылы интернетте Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы тууралуу бир катар жаңылыктар пайда болгон. Кийинчерээк ал өзү бул маселеге кызыкдар экенин тастыктаган.

Ошол эле учурда Гренландия арал сатылбайт деп эсептесе, Дания Трамп тамашалап жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан