Казакстандын Актау шаарына жакын жердеги учак кырсыгында жаракат алган эки кыргызстандык Улуттук госпиталдан үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 8-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги SUPER.KG порталына тастыктады.
"Жаракат алган эки жаран чыгарылды. Ал эми үчүнчү жабырлануучу нейротравма бөлүмүндө дарылануусун улантып жатат", - деп билдирди мекеме.
Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. Алардын арасында үч кыргызстандык болгон.
Учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандык: Эрлан Жунусалиев, Тилек Осмонов жана Ринат Асанов 30-декабрга караган түнү Казакстандан Бишкекке алып келинген.