Биз социалдык тармакта

Ош шаарына мэр болууга Курманбек Бакиевдин мурдагы санаалашы ат салышууда

Ош шаарынын мэрлигине качкын президент Курманбек Бакиевдин мурдагы санаалашы ат салышканы жатат. Белгилүү болгондой, Ош шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк “Замандаш-Современник” фракциясынын депутаты Айтмамат Кадырбаевди (сүрөттө) шаар башчылыгына талапкер кылып чыгарды.  
Айтмамат Кадырбаев 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин Курманбек Бакиевдин командасында иштеген. Оштогу темир-бетон каражаттарын чыгарган заводдун башчысы, 2007-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басары болгон. 2010-жылдын 13-майында Бакиевдин тарапташтары менен обладминистрацияны басып алып, “элдик губернатор” аталган. 2012-жылдын март айында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. 
Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо 15-январда өтөт. Бүгүн, 8-январда, саат 18:00дө талапкерлерди каттоо аяктайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан