9-январда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берүү убактылуу токтотулат

Эртең, 9-январда Тоголок Молдо көчөсүндөгү суу түтүктөрүнүн курулуш-монтаждык иштерге байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Тоголок Молдо, Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Ала-Арча суусунун аймагында жайгашкан үйлөрдө, Красный строитель, Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик, Салам-Алик конуштарында муздак суу токтотулат. 
Ошондой эле Сафонов атындагы химиялык заводдо, Батыш, Чыгыш автобекеттеринде, №18, 35-мектептерде, №12-бала бакчасында, Краснодонцев атындагы аскер окуу жайында, АН биотехнологиялык институтунда, “Электросила” кооперативинде, “Хисар” уюмунда, Бишкек турбазасында, шаардык кургак учукка каршы ооруканасында, Биринчи Май райондук аскер коммисариатында, “Бишкектеплокоммунэнерго” жана “Бишкекводоканал” унаабазасында да муздак суу токтотулмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан