Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп “Республика” фракциясынын депутаты Улан Примов шайланды. Шайлоого коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардан 23 депутат катышты. Эскерте кетсек, коалициялык көпчүлүктү учурда “Замандаш-Современник”, КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары түзөт.
Оппозициялык "Улуттар биримдиги" жана КЭДП фракциялары жыйынга катышкан жок.
Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Таалай Сабиров жаңы жыл алдында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.