Бүгүн, 9-январда Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемелер тармагынын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өткөрүлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Министрлик мындай чечим билим алуу шарттарын өнүктүрүү максатында кабыл алынганы менен түшүндүрдү.
"Министрлер кабинети бул чечимди “Сапат” билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, окуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын жакшыртат деген ишеничте кабыл алган.
Бул кадам билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы "Сапат" билим берүү мекемелеринин тармагы "Маариф" фондунун башкаруусуна
өткөнүн кабарлаган. Анда "Ынтымак ордодо" Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору
Хүснү Биржандын жолугушуусу болуп, жыйындын жүрүшүндө Байсалов “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимин билдиргени
айтылган.