"Cапат" билим берүү мекемеси лицейлеринин “Маариф” фондуна өткөнү күтүүсүз болгонун маалымдады

"Cапат" билим берүү мекемеси лицейлеринин “Маариф” фондуна өткөнү күтүүсүз болгонун билдирди. Бул тууралуу билим берүү мекемеси бүгүн, 31-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн курамынын алмашып, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому менен Түркиянын “Маариф” фондуна катталгандыгы тууралуу маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан көрдүк.
“Сапаттын” он миңдеген окуучулары менен студенттери, алардын ата-энелери, мугалимдери жана техникалык кызматкерлери үчүн бул чечим күтүүсүз болду. Бул чечимди кабыл алып жатканда, бардык юридикалык, укуктук маселелердин эске алынгандыгына ишенебиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн "Сапат" билим берүү мекемелеринин тармагы "Маариф" фондунун башкаруусуна өткөнүн кабарлаган. Анда "Ынтымак ордодо" Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржандын жолугушуусу болуп, жыйындын жүрүшүндө Байсалов “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимин билдиргени айтылган.

"Маариф" фонду (Türkiye Maarif Vakfı) – 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган.

2016-жылдын июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгон. Түрк бийлиги бул ишке ошол кезде АКШда бозгунда жүргөн диний ишмер Фетхуллах Гүленди айыптап, анын "Хизмет" кыймылын "Фетхуллахчы террор уюму" (ФЕТӨ) деп жарыялаган.

Аталган окуядан кийин Түркия "Себат" окуу жайлары Гүленге тиешелүү деп, Кыргызстандан аларды жабууну талап кылган. Бирок расмий Бишкек андан баш тартып, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.

Ошол эле учурда Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери 2017-жылы кыргыз бийлигинин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын негиздөөчүлөрүнүн катарына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирген. “Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби жана 2 эл аралык мектеби бар.

Түркия андан кийин да Кыргызстанга бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды аларга өткөрүү боюнча бир нече ирет кайрылуу жасаган.

2021-жылы "Сапат" билим берүү мекемелеринин мурдагы президенти Орхан Инанды Бишкекте уурдалып, кийин Түркиядан табылган. Түркиянын соту аны 21 жылга абакка кескен.

“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхуллах Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүп берилгени белгиленет.

25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диний аалым, өз мекенинде 2016-жылы "мамлекеттик төңкөрүш аракетин уюштурган" деп айыпталган Фетхуллах Гүлен 2024-жылы октябрда 83 жашында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан