Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп экинчи мөөнөтүн кызыктуу баштаганын билдирди.
"Мен Трампты экинчи мөөнөтүндө эмне кыла аларын билбейм, бирок ал кызыктуу баштады", - деп жазган саясатчы өзүнүн Telegram каналына.
Ошондой эле ал Трамптын АКШга башка өлкөлөрдү кошуу демилгесинен улам Украинадагы жаңжалды тез арада жөнгө салууга жетишери күмөндүү экенин белгиледи.
"Трамп өзүнүн жаңы саясий географиясын түздү. Азыркы кызыксыз жана боз глобустан абдан айырмаланган жаңы жаркыраган түстүү глобусту түзүүдө", - деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, Трамп жыл башталганы кайрадан Канада менен Гренландия аралына АКШынын курамына кошулууну сунуштап, Мексика булуңун Америка булуңу деп атоо ниетин билдирди. Ал Канада менен АКШ бириктирилген саясий картанын үлгүсүн дагы жарыялоого жетишти.