Түркиянын маданий мурастары, музейлери жана археологиялык объекттери бир гана Түркиянын эмес, чет өлкөдөн келген бардык туристтерди өзүнө тартууда. Бул жолу Невшехир провинциясынын Гөреме шаарчасындагы эң белгилүү ачык асман алдындагы музей – "Гөреме улуттук паркы" тууралуу баяндайбыз.
1967-жылы зыяратчыларга ачылган Гөреме ачык асман музейи – Византия доорундагы көптөгөн үңкүр храмдары (аска монастырлары) топтолгон тарыхый Каппадокия аймагындагы Невшехирден 13 чакырым жана Гөремеден 2 километр чыгышта жайгашкан. Ал аскалуу чептер 1985-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
Жылына 1 миллиондон ашык адам зыярат кылган Гөреме ачык асман музейи Каппадокиянын эң өзгөчө жерлеринин бири, монастырдык жашоо миңдеген жылдар бою өкүм сүргөн илим ордосу. Өрөөндүн тарыхы 4-кылымда, алгачкы христиан доорунда башталган. Кайсери епискобу Ыйык Василий аймакка келип, өзүнүн окуусун жайылтып, окуучуларга билим бере баштаганда, өрөөндө кечил жашоосу үстөмдүк кыла баштаган. Археологиялык жер катары да белгилүү болгон бул аймак 13-кылымга чейин билим берүүнүн борбору болгон.
Бүгүнкү Гөреме ачык асман музейи диний билим берүү системасы башталган жер. Гөремеде биздин замандын 4-кылымынан 13-кылымына чейин кечилдик жашоо образы өкүм сүргөн. Дээрлик ар бир рок блокто чиркөөлөр, кафетерийлер жана отургучтар бар. Аймактагы чиркөөлөр эки башка ыкма менен боёлгон. Биринчиси – түз аска бетине сүрөт тартуу, экинчиси – фреска-секко (темпера) техникасы. Чиркөөлөрдүн мазмуну Ыйык Китептен (Инжил) жана Иса пайгамбардын жашоосунан алынган.
Гөреме ачык асман алдындагы музейде Кыздар жана Балдар монастыры, Ыйык Василий чиркөөсү, Элмалы чиркөөсү, Ыйык Барбара чиркөөсү, Йыланлы чиркөөсү, Каранлык чиркөөсү, Чарыклы чиркөөсү жана Токалы чиркөөсү бар.
Ыйык Василийдин илхам булагы болгон жана миңдеген монахтардын ойлорун таштарга оюп койгон Гөреме ачык асман музейинин ичинде көрүүгө татыктуу ондогон монастырлар жана чиркөөлөр бар. Чиркөөлөрдүн сүрөт тартуу ыкмалары алар курулган мезгилине жараша өзгөрүп турат. Өрөөндө жашоо башталган алгачкы христиан доорундагы геометриялык оюм-чийимдүү сүрөттөр кийинки мезгилде диний мазмундагы сүрөттөргө алмаштырылган. Көбүнчө Иса пайгамбардын окуяларын жана Библияны баяндаган фрескалардын ал кездеги жыты дагы деле сакталып, түсү дагы деле өчө элек.
Гөреме ачык асман музейине кирүү акысы жана убактысы:
Гөреме ачык асман музейине кирүү акысы чет өлкөлүктөр үчүн 20 евро. Жергиликтүү коноктор жылына 60 лира турган музей картасы менен кире алышат. Музей картасы менен дагы көптөгөн музейлерге кире аласыз.
Зыярат мезгили:
Апрель-октябрь (күн сайын)
08:00 – 20:00
Ноябрь-март (күн сайын)
09:00 – 17:00
Кылымдар бою ар түрдүү расаларды жана тилдерди чатыр сыяктуу бириктирген Гөреме ачык асман музейи диний искусство тарыхы жагынан өзгөчө мааниге ээ. Ашкана залдарынын айланасында жайгашкан чоң жана кичине чиркөөлөр абдан чоң монастыр комплексин түзөт. Зыярат кыла турган 11 ашкана жана чиркөөлөрдөн тышкары Гөреме ачык асман алдындагы музейинде дагы кайсы бир учурда урап калуу коркунучунан улам кире бериши темир тор менен жабылган 18 чиркөө бар.
Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.