Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева социалдык баракчасында 17-январда үчүнчү операциясы жасаларын билдирди.
"Келбетим акырындап калыбына келе баштады. Мага жардамын аябаган биздин жана Москванын дарыгерлерине ыраазымын", - деп жазган ал.
Ошондой эле Ногойбаева бүгүн, 13-январда туулган күнү экенин кошумчалаган.
Былтыр август айында Ногойбаевага пластикалык операция жасалары маалым болгон.
Эске салсак, 2023-жылы 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.
Былтыр 26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.