Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матеновдун иши сотко өттү

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матеновдун иши сотко өттү. Бул туурасында анын жактоочусу Искендер Журабаев билдирди.

Анын айтымында, Матеновдун ишин Бишкек гарнизондук аскер соту карайт. 2013-жылдын 30-декабрында Аскер прокуратурасы топтолгон материалдарды сотко өткөрүп берген.    

Айта кетсек, К.Матеновго карата "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып, ал "жасалма документтер менен пенсиясына кошумча акча каражат кошуп алган" деп күнөөлөнүүдө. Мындан улам ал кызматынан убактылуу бошотулган. Тиешелүү жарлыкка 2013-жылдын 26-октябрында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Учурда чек ара кызматынын башчысынын милдетин Райимберди Дүйшөнбиев аркалап келет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан