Ош шаарынын башчылыгына талапкерлер Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 8-январда кыргыз тили боюнча сынак тапшырат. Муну БШКдан билдиришти. Сынак алуучу комиссиянын курамы 7 адамдан турат.
Ал эми Бишкек шаарынын мэрлигине “Ата Мекен”, “Республика” жана “Замандаш-Современник” фракциялары өз талапкерлерин бүгүн аныктайт.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлердин документтерин кабыл алуу бүгүн саат 18:00дө аяктайт. Ал эми шайлоо 15-январда өтөт.