"Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Жанна Самышева 12-январда Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыкканы маалым болду. Маалыматты Ички иштер министрлиги ырастады.
Маалымдалгандай, Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн милиция кызматкерлерине 1979-жылы туулган С.Ж. аттуу жаранды камсыз кылуу тапшырмасы берилген.
12-январда саат 20:00дө Жанна Самышева аттуу жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө аракеттери Жазык-процесстик мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүргүзүлгөн.
"Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда анын каалоосу боюнча эки жактоочусу (адвокаты) катышты. Тергөө иш-чараларын жүргүзүү Жазык-процесстик мыйзамдарын сактоо менен жүргүзүлдү жана укук бузууга жол берилген жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин 12-январда "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаев Самышева кармалганын, ага жактоочулар киргизилбей жатканын билдирген.
Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-январда сот алардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.
Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары анын абалы начарлап баратканын айтып, аны бошотууну суранышкан.
"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.