Казакстанда үрөй учурган окуя болуп, күйөөсү менен аялы каза болду (видео)

Коңшу Казакстандын Актөбө шаарында кыз жана анын ата-энеси барымтага алынды. Бул тууралуу казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-январь күнү кечинде болгон. Анда белгисиз бирөө кызды барымтага алган. Окуя болгон жерге полиция, шаардык прокуратура жана өзгөчө кырдаалдар кызматы келген. Кийинчерээк полиция барымтада бардыгы болуп үч адам бар экенин билдирген. Алар бир кыз жана анын ата-энеси.

Полиция барымтадагыларды бошотуу үчүн үч саат сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтык болбогондон кийин штурм кылган. Анда үй-бүлө мүчөлөрү жер төлөдө жарадар абалында табылып, шектүү кармалган.

Кыздын апасы ооруканага бара жаткан жолдо, атасы операция учурунда каза болгон. Кыз өзү дагы оор абалда ооруканада жатат.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан