"Социал-демократтар" партиясынын дагы бир мүчөсү суракка алынганы маалым болду

"Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов 12-январда Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыкканы маалым болду. Маалыматты Бишкек ШИИББинен ырастады.

Маалымдалгандай, Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган А.К. күбө катары чакырылып, өзү чакырган жактоочунун катышуусунда сурак берген.

Буга чейин партиянын мүчөсү Жанна Самышева да Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыкканы маалым болгон.

Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-январда сот алардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары анын абалы начарлап баратканын айтып, аны бошотууну суранышкан.

"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан