Бишкектеги Орус драма театрынын мурдагы директору Борис Воробьёв 7 жылга соттолду

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы директору Борис Воробьёв 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 31-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Воробьёв “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бүлүндүрүү же катып салуу" сыяктуу беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды. Үй-мүлкү конфискацияланып, өзүнө 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда жетекчилик кызматты аркалоого тыюу салынды.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын апрель айында Башкы прокуратура Борис Воробьёвго "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бүлүндүрүү же катып салуу" жана "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан