Бишкекте бүгүн, 8-январда КР менен Сауд Арабия мамлекеттеринин ортосундагы макулдашууга кол коюлгандан кийин “Кыргызстан менен Сауд Арабиянын кызматташтыгы бекемделип жатат” деп билдирди. “Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү эки элдин кызыкчылыгы үчүн жооп берет. Биз саясий жана соода-экономикалык тармакта кызматташууну жана маданияттагы байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөштүк”,- деди Эрлан Абдылдаев.
Эске салсак, бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министринин орун басары, ханзаада Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд менен жолугушуу өткөрдү.