“Электр
станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, бүгүн,
8-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 87 миллион
метр кубду түздү. 2013-жылы ушул күнү жогорудагы көрсөткүч 14 миллиард 551
миллион метр куб болгон.
Бүгүн суу сактагычка кирген суунун агымы секундасына
172 метр кубду түзсө, көрсөткүч өткөн жылы 149 метр кубду түзгөн. Ал эми агып
чыккан суунун агымы секундасына 738 метр кубду түздү. 2013-жылы суунун агып
чыгышы 744 метр куб болгон.