Бүгүн, 8-январда Ош шаардык кеңешинин төрагалыгына Улан Примов шайланып, аны мэрдин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков куттуктады.
"Шаарыбыздын экономикалык-социалдык тармагында жасай турган иштер абдан көп. Шаардын келечеги үчүн, эң башкысы, шаардыктардын жашоо шартын оңдоо үчүн сиздер менен биргеликте көптөгөн чечимдерди, токтомдорду, аткарыла турган бардык иштерди жүзөгө ашырууда инвестиция тартабыз деп ойлойм. Буга Улан Бердибаевичтин илими да, акылы да жетет. Ошондуктан мен мэриянын атынан анын ишине ийгилик каалайм",- деди өз сөзүндө Байгазаков.