Кечээ, 19-январда Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон жарылуудан эки жаран жабыркап, күйүк алган. Саламаттык сактоо министринин маалымат кызматы SUPER.KG порталына бейтаптардын абалы боюнча билдирди.
Маалымдалгандай, жардыруудан 62 жаштагы апасы жана 38 жаштагы кызы жабыркаган. Учурда апасынын абалы өтө оор, ал 60 пайыз денесинен күйүк алган. Ал эми кызы 10 пайыз күйүк алып, абалы орточо оор деп бааланууда.
Учурда алар Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын ооруканасында дарыланышып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-январда саат 08:30 чамасында Көк-Жар жаңы конушунун Сейтек көчөсүндөгү үйлөрдүн бирининдеги биринчи кабаттагы батирде газдан улам жарылуу болгондугу айтылган.