Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков бүгүн, 20-январда 40 жашка толду. Ырчы мырзага туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, бүгүнкү күндү үй-бүлөсү менен бирге өткөрө турганын айтып өттү.
"Туулган күнүмдү саат 12де эң алгач үй-бүлөм куттуктады. Атам экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө. Атамды дагы туулган күнү менен куттуктап кетейин. Бүгүн түшкө чейин Кыргыз улуттук консерваторияда жумушта болдум, студенттерим дагы куттукташты. Азыр үйдөмүн, туулган күнүмдү үй-бүлөм менен үйдө эле белгилейм. Мен үчүн туулган күн өзгөчө күн, бул күндү жакшы көрөм.
Бул инимсиз өткөн биринчи туулган күнүм. Иним жайында дүйнөдөн өтүп кетти. Ал менин туулган күнүмдү өзүнүкүнөн дагы маанилүү көрүп, жумуштарын бүтүрүп, ушул күнү атайын бошойт эле", - деди ырчы мырза.
Ал эми эң эсинде калганы бала кезиндеги туулган күндөрү экенин кошумчалай өттү.
"Эсимде бала кездеги туулган күндөр калыптыр. Ал кезде туулган күнүмдө үй жумуштарынан бошойт элем. Үй-бүлөбүз менен үйдө белгилейт болчубуз", - дейт Аскат Мусабеков.
Аскат Мусабеков Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1985-жылы туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Анын аткаруусундагы "Аруузатым", "Сүйүү дастаны", "Жамила", "Шириним", "Кара кыз" жана башка ырлар, дастандар элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" чыгармасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деп табылган.
Аскат Мусабеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси, эл аралык бир канча сынактардын жеңүүчүсү, "Алтын шаты" президенттик сыйлыгынын ээси. Ошону менен катар 2021-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Ырчынын бала чагынан тартып таанымал болгонго чейин жана андан кийинки сүрөттөрүн бул жерден көрө аласыз.
20-январга карата жылнаама.