Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп расмий түрдө кызматына киришти. Трамптын инагурациялык аземи кечээ, 20-январда Вашингтон калаасында орун алды.
АКШнын 47-президентинин ант берүү аземине Трамптын үй-бүлө мүчөлөрү, Вэнстин туугандары, кызматтан кетип жаткан президент Жо Байден, экс-вице-президент Камала Харрис, экс-президент Билл Клинтон жубайы Хиллари менен, экс-президенттер Жорж Уокер Буш жана Барак Обама ошондой эле IT-корпорациялардын жетекчилери, АКШнын Жогорку Сотунун мүчөлөрү катышты.
Ал өз сөзүндө Американын "алтын доору" башталып жатканын жар салып, бардык мамлекеттер АКШга суктанарын, Американын ар дайым биринчи орунда болушуна кепилдик берерин билдирди.
Эске салсак, Трамп буга чейин АКШнын 45-президенти болуп, 2017-2021-жылдары башкарган.