Бишкек шаарынын башчылыгына талапкер Кубанычбек Кулматов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына каттоого керектүү документтерин тапшырды. Муну аталган комиссиядан билдиришти. КСДП фракциясынын атынан талапкер болуп чыккан К.Кулматов буга чейин кыргыз тили боюнча сынак тапшырып өткөн.
Эскерте кетсек, талапкерлердин документтерин кабыл алуу бүгүн, 8-январда саат 18:00дө токтотулат. Шайлоо 15-январда өтмөкчү.