«Эгер Ош жана Бишкек мэрлигине шайлоолор мыйзамсыз өтсө, жазында түндүк-түштүк ортосундагы конфликттерге алып келиши мүмкүн» деп билдирди бүгүн, 8-январда «Эркин эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков.
Анын айтымында, талапкерлерди тактоо процесстери таза эмес жүрүүдө. "1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү экенине карабай кээ бир саясий партиялар көшөгө артында соодалашуу иштерин жүргүзүп жатышты. Бул - мыйзам бузуу. Себеби бул күндөрү мамлекеттик кызматкерлер эс алуу экенине карабай, мамлекеттик тил боюнча комиссия түзүп, сынак алышты. Экинчиден, талапкерлер коомдук талкуудан өтүшкөн жок. Алар өз программаларын элге жарыялаган эмес" деп кошумчалады сөз алган Мавлян Аскарбеков.