Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясы борбор шаардын мэрлигине талапкер чыгарбай турган болду. Муну бүгүн, 8-январда фракциянын депутаттары билдиришти. Мындай чечимге келүүгө шаардык кеңеште “Республика” фракциясында 11 гана мандаттын бар экени себеп болуптур.
Бишкек шаардык кеңешинде жалпы 45 депутат бар. Мэр болчу талапкер кеминде 23 добуш алышы шарт. Буга чейин "Республиканын" атынан экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун талапкер болуп чыгышы мүмкүн экени айтылып жаткан болчу.
Эскерте кетсек, талапкерлердин документтерин кабыл алуу бүгүн аяктап, шайлоо 15-январда өтмөкчү.