Кечээ, 7-январда Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушуунун алкагында мамлекеттик чек араны аныктоо маселелери талкууланып, 2014-жылга карата жолугушуулардын иш-планы, жумушчу топтор аныкталды. Тажикстанга барган кыргызстандык делегацияны вице-премьер-министр Токон Мамытов жетектеп барды.