Бир айда жаратылыш газына болгон баа 8 тыйынга кымбаттады. Бул туурасында “Кыргызгаз” ишканасы билдирет.
Маалыматка караганда, январь айы үчүн Кыргызстандын түндүк аймагында жаратылыш газынын бир куб метри 15 сом 29 тыйынды түзгөн. Декабрь айында 15 сом 21 тыйын болчу. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында жаратылыш газынын бир куб метри 15 сом 27 тыйын болсо, декабрь айында 15 сом 19 тыйынды түзгөн.