Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын Пархат Тулендыбаевге өткөрүп берди. Бул туурасында бүгүн, 23-январдагы БШКнын жыйынында белгилүү болду.
Тулендыбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгини БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды. Ал бүгүн Ош шаарынын мэри болуп дайындалган Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди.
Эске салсак, Тулендыбаев VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болгон.