Бишкек шаардык кеңешиндеги “Замандаш-Современник” фракциясы мэр шайлоого талапкер чыгарбайт. Мындай чечим фракциянын 8-январдагы жыйынында кабыл алынды. Фракциянын депутаттары шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын аракетине нааразы. Алардын ою боюнча, КСДПнын депутаттары Кубанычбек Кулматовду мэрликке талапкер кылып чыгаруудан мурда коалициялык көпчүлүк менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзүшү керек болчу.
Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясында 21, “Ата Мекен” фракциясында 7, “Республика” фракциясында 11, “Замандаш-Современник” фракциясында 6 мандат бар. Мэр болчу талапкер кеминде 23 добуш алышы шарт.
Эскерте кетсек, талапкерлердин документтерин кабыл алуу бүгүн аяктап, шайлоо 15-январда өтмөкчү.