Түркиянын Карталкая лыжа базасында 21-январга караган түнү өрт чыгып 79 адамдын өмүрүн алды. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн 14 мүчөсү да каза тапты.
Түрк басылмаларынын берген маалыматына караганда, каза болгондордун бири Түрк аба жолдорунун кызматкери Зехра Сена Гүлтекин. Ал каргашалуу окуя болгон күнү күйөөсү, 3 баласы жана 9 үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге эс алуучу базада болушкан. Өрт учурунда Зехра апасына телефон чалып, кечирим суроого жетишкен.
Зехра Сена жолдошу Билал Гүлтекин менен уйгур улутундагы Сумая аттуу кызды багып алышкан. Тилекке каршы, ал кыз дагы жаңы үй-бүлөсү менен бирге өрт кырсыгынан жабыркап, каза тапкан.
Кырсык мектептеги каникул учурунда болгондуктан каза болгондордун көпчүлүгү бир үй-бүлөнүн адамдары экени айтылды.
Белгилей кетсек, 21-январга караган түнү Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасында жайгашкан мейманканада ири өрт кырсыгы катталган. Өрт чыккан учурда мейманканада 234 адам болгону айтылган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган лыжа базадагы өрткө байланыштуу бир күндүк аза күтүү күнүн жарыялап, 22-январда өлкөдөгү жана чет элдик өкүлчүлүктөрдөгү желектер түшүрүлгөн. Ошону менен катар Эрдоган лыжа базасындагы трагедияга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирген.