Ырчы Бегимай Турусбекова февраль айында Орусиянын Москва шаарында концерт берет. Бул тууралуу ырчы айым Инстаграм баракчасында билдирди.
"Урматтуу Москва шаарындагы мекендештер, баарыңыздарды 9-февралда концертте күтөм", - деп жазды ал.
Бегимай Турусбекова жакында эле болуп өткөн Орусиянын "Царица" аттуу музыкалык шоу-сынагында экинчи орунду багындырган. Ал сынактын финалдык чыгарылышында "Обезоружена" ырын аткарган.
Эске салсак, Бегимай Турусбекованын 2022-жылы Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдагандан кийин жылдызы жанган. Аталган окуядан соң орусиялык белгилүү режиссёр Елена Погребижская ал тууралуу тасма тарткан. Ошону менен катар эле орусиялык белгилүү теле алып баруучу Андрей Малахов өзүнүн "Привет, Андрей" берүүсүнө конокко чакырган.
Мындан тышкары бир катар тасмаларга тартылып, бир нече сыйлыктардын ээси болуп, эс сүймөнчүгү боло алды.