"Ынтымак" сейил бакта ырдап атактуу болгон Бегимай Турусбекова Андрей Малахов менен жолугушту

Бишкектин "Ынтымак" сейил багында ырдап, бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Москва шаарында орусиялык белгилүү теле алып баруучу Андрей Малахов менен жолугушту.

Көпчүлүк интернет колдонуучулары Бегимай Турусбекованын жоолугун чечпей жүргөнүн алкоого алышууда.

Ал кечээ, 15-июлда "Привет, Андрей" берүүсүнө тартыларын SUPER.KG порталына билдирген.

Буга чейин Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу орусиялык "Привет, Андрей" телеберүүсү сюжет жасаган. Тартуучу топ Казарманга чейин барышкан. Ошондой эле келинди Москвага чакырышкан.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган.

Эртеси эле ал Бегимай Турусбекова аттуу айым экени белгилүү болуп, SUPER.KG порталына маек берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан