“Кыргызгаз” ишканасы жаратылыш газын жеткирүү боюнча коңшу өлкөлөр менен макулдашты

“Кыргызгаз” ишканасы Өзбекстандын “Узтрансгаз”, Казакстандын “Казтрансгаз” ишканасы менен газды жеткирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда "Кыргызгаз" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өзбек тарап 2014-жылдын биринчи кварталы үчүн 25 миллион куб жаратылыш газын берет. Анын миң куб метри 290 доллардан бааланды. Ал эми казак тарап 2014-жылдын биринчи кварталы үчүн 100 миллион куб метр жаратылыш газын жеткирүүгө макулдугун берди. Анын миң куб метринин баасы 224 долларды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан