АКШнын Коргоо министрлиги президент Дональд Трамптын тышкы жардамды токтотуу жөнүндөгү буйругу Украинага аскердик колдоо көрсөтүүгө тиешеси жок экенин билдирди. Пентагон документ өнүгүү программаларына гана тиешелүү экенин жана курал-жарак жеткирүүгө таасирин тийгизбей турганын белгиледи.
Ошентип мурдагы администрациянын тушунда түзүлгөн Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгеси (USAI) программасынын алкагында Украина үчүн курал өндүрүү боюнча келишимдер күчүндө. Бул тууралуу "Америка үнү" радиосунун украин кызматы билдирди. Буйрук ошондой эле Жо Байдендин администрациясы тарабынан мурда бекитилген Пентагондун кампаларынан пландалган калган жеткирүүлөргө таасирин тийгизбейт. Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, Орусия кол салгандан бери АКШ Киевге 66 миллиард доллардай аскерий жардам жөнөткөн.
Трамп 20-январда, Инаугурация күнүндө бардык тышкы жардам программаларын 90 күнгө токтоткон буйрукка кол койгон. Ал мындай каражатты бөлүштүрүү жаңы администрациянын саясий артыкчылыктарын эске алуу менен каралышы керектигин түшүндүрдү.
АКШ бюджетинин 1 пайыздан азы эл аралык жардамга кетет, бирок өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, Израиль жылына 3,3 миллиард доллар, Египет 1,5 миллиард доллар, Иордания 1,7 миллиард доллар алат Бул суммалар Конгресс тарабынан бекитилген узак мөөнөттүү программаларга киргизилген жана эл аралык келишимдер менен жөнгө салынгандыктан, бул учурларда кескин кыскартуулар күтүлбөйт.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио Сенатта сүйлөп жатып, бюджеттик каражаттарды башка өлкөлөр менен байланышкан программаларга коротуудан мурун өкмөт үч суроого жооп бериши керек деп билдирди: “Америка коопсуз болобу? Ал күчтүүрөөк болобу? Анын жыргалчылыгы жакшырабы?"
Декабрда жарыяланган акыркы расмий жардамды төлөө отчётунда АКШ 2023-жылы чет өлкөлөрдөгү программалар үчүн 68 миллиард доллар бөлгөнүн көрсөтүлгөн. Каражаттар 204 өлкөдө жана аймактарда табигый кырсыктарды жоюуга, саламаттыкты сактоого жана демократияны колдоого жумшалган.