
Бишкектин Көк-Жар конушундагы газ жарылган үйдө жабыркаган 62 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери
Алмазбек Кубатбеков кечээ, 25-январда тастыктаганын "Спутник" маалымат агенттиги жазды.
Анын айтымында, аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн. Бейтап дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тилекке каршы, эртеси күнү каза болгон.
Кырсыктан аялдын 38 жаштагы кызы дагы жабыркаган. Кубатбеков анын бети-колу күйгөнүн, учурда ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады. Абалы туруктуу.
Эске салсак, кырсык 19-январда Көк-Жар конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде
болгон. Жарылуудан 62 жаштагы апасы жана 38 жаштагы кызы
жабыркаган.