Бүгүн, 8-январда Бишкек мэрлигине сунушталган Айдар Жоробеков КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин макулдугун күтүүдө. Бул тууралуу ал SUPER.KG`ге билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн "Эркин эл" жана "Амал" партияларынан түзүлгɵн "Кыргыз дөөлөтү" саясий блогу Бишкек шаарынын мэрлигине Айдар Жоробековду сунуштады.
“Биз КРнын Өкмөт башчысына сунуш тууралуу арыз жаздык. Себеби саясий фракциялар жана шаардык кеңештер гана мэрликке талапкерлерди коюуга укугу бар. Учурда биз Жантөрө Сатыбалдиевдин жообун күтүп жатабыз”,- деди Айдар Жоробеков.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине талапкерлерди каттоо бүгүн, 8-январда 18:00дө аяктайт. Ал эми шайлоо 15-январга белгиленген.