Кыргызстандык дипломаттар арабиялык ири фонддор (Сауд жана Абу-Дабий
өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт экономикалык өнүктүрүү жана ОПЕК
фонду) менен экинчи тегерек стол өткөрүүнү сунушташты. Бул тууралуу бүгүн,
8-январда Кыргызстандын Сауд Арабиядагы
элчиси Жусупбек Шарипов билдирди.
Анын айтымында, 2009-жылы Кыргызстандын
элчилиги Арабияда биринчи тегерек стол өткөргөн жана анда 672 миллион долларлык
долбоор кабыл алынган. Анын ичинде Бишкек-Нарын-Торугарт жан
Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолдорун оңдоо да каралган.
“Кыргызстан экинчи
тегерек столду өткөрүү тууралуу арыз берди. Эртең фонддордун өкүлдөрү карап,
жооп беришет”,- деди Жусупбек Шарипов.