АКШнын президенти Дональд Трамп орус-украин согушун жазга чейин токтотуу максатын көздөйт. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.
The Independent булагы билдиргендей, саясатчы Украинага болгон колдоосун алсыратып, ал үчүн жагымсыз компромисстерге барууну пландабайт.
"Украинадагы кырдаалга тынчсыздангандар Трамптын инаугурациясына (Украинанын Жогорку Радасындагы "Слуга народа" фракциясынын лидери) катышуусуна көңүл бурушу керек. Бул Дональд Трамптын Украина үчүн жакшы келишимди камсыздоого болгон чечкиндүүлүгүн көрсөткөн абдан маанилүү кадам", - деген басылмага ишенимдүү булагы.
Ошондой эле басылма Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу жакын арада болорун жазды.
Ал арада Украинанын президенти Владимир Зеленский басылмалардын бирине маек берип жатып, Дональд Трамптын орус-украин согушун токтотуу аракетине комментарий берген.
Буга чейин Трамптын орус-украин согушун токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн зарылчылыгы тууралуу сөздөрүнө Орусиянын президенти Владимир Путин пикирин билдирген болчу